
20 лет в искусстве керамики: шадыбек эрназаров представил свои работы на всемирных играх кочевниковКерамика өнөрүндө 20 жыл: шадыбек эрназаров20 years in the art of ceramics: shadybek ernazarov presents his works at the world nomad games
На площадке Центра кочевой цивилизации имени Курманжан Датки в рамках Всемирных игр кочевников художник-керамист Шадыбек Эрназаров представил свои работы и провёл мастер-класс по гончарному искусству.
В керамике мастер работает более 20 лет. Его работы участвуют в международных выставках и конкурсах, а сами изделия находят покупателей за рубежом. Сегодня одна из главных задач художника, знакомить международную аудиторию с кыргызской керамикой и показывать её самобытность. Особое место в творчестве Шадыбека Эрназарова занимает техника раку.
Изделия проходят обжиг при температуре до 1200 °C, а итоговый результат во многом зависит от огня и глазури.
Поэтому каждая работа получается неповторимой. В рамках программы Центра кочевой цивилизации гости также могут посетить мастер-классы по керамике, живописи, графике и скульптуре, а также выставку «Сказание великих гор» и аллею парковых скульптур.
«Не знаешь заранее, что получится после обжига. Огонь каждый раз создаёт свой результат», — говорит художник.
Көчмөндөр оюндарында өз эмгектерин тартуулады
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун аянтчасында сүрөтчү-керамист Шадыбек Эрназаров өзүнүн эмгектерин тартуулап, карапа жасоо өнөрү боюнча мастер-класс өткөрдү.
Чебер керамика өнөрү менен 20 жылдан ашуун убакыттан бери алектенип келет. Анын эмгектери эл аралык көргөзмөлөргө жана сынактарга катышып, жасаган буюмдары чет өлкөлөрдө да өз кардарларын табууда. Бүгүнкү күндө сүрөтчүнүн негизги максаттарынын бири — кыргыз керамикасын эл аралык аудиторияга таанытуу жана анын өзгөчөлүгүн, кайталангыс жүзүн көрсөтүү.
Шадыбек Эрназаровдун чыгармачылыгында раку техникасы өзгөчө орунду ээлейт. Буюмдар 1200 °Cге чейинки температурада күйгүзүлүп, акыркы натыйжа көп жагынан оттун жана сырдын таасирине жараша болот.
Ошондуктан ар бир эмгек кайталангыс болуп жаралат. Көчмөндөр цивилизациясы борборунун программасынын алкагында коноктор керамика, живопись, графика жана скульптура боюнча мастер-класстарга катышып, «Улуу тоолордун баяны» көргөзмөсүн жана парктык скульптуралар аллеясын да көрө алышат.
«Күйгүзгөндөн кийин кандай жыйынтык чыгарын алдын ала билбейсиң. От ар бир жолу өзүнчө натыйжа жаратат», — дейт сүрөтчү.
As part of the World Nomad Games, ceramic artist Shadybek Ernazarov presented his works and conducted a pottery masterclass at the Kurmanzhan Datka Nomadic Civilization Center.
The artist has been working in ceramics for more than 20 years. His works have been showcased at international exhibitions and competitions, with his pieces also finding buyers abroad. Today, one of his key goals is to introduce international audiences to the distinctive character and artistic heritage of Kyrgyz ceramics.
The raku technique holds a special place in Shadybek Ernazarov’s creative practice. His pieces are fired at temperatures of up to 1,200°C, with the final result largely shaped by the interaction of fire and glaze. As a result, each piece is unique.
As part of the Center’s cultural programme, visitors can also take part in masterclasses in ceramics, painting, graphic art and sculpture, as well as explore the “Legend of the Great Mountains” exhibition and the park sculpture alley.
“You never know exactly what will come out of the kiln. Every time, the fire creates something of its own,” says the artist.
МедиаМедиаMedia
